Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлери митингге чыгышты

Бүгүн, 1-августта Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигине келишти. Алар айлык акыны көтөрүүнү талап кылышууда.

Чогулгандар эмгек акы көтөрүлгөнүнө карабай, колдоруна аз акча алып жатканын айтышкан.

«Мен үч жыл мурун иштей баштаганда 25 миң алчумун, андан кийин аз төлөнө баштады. Кечээ мага бир жарым ставка үчүн 11 миң сом беришти»,-деген  фельдшер Алия Алдеева.

Министрликке байланышканыбызда учурда аталган борбордо чукул жыйын уюштурулуп, министр Гүлнара Баатырова ошол жерге жөнөп кеткенин билдиришти.

303782 1024x771 1 Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун кызматкерлери митингге чыгышты