Кочкор районунда бут кийим чыгаруучу ишкана ачылды

Нарын облусунун Кочкор районунда «Жибек Жолу» бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишкана кытай инвесторлорунун жардамы менен ачылган, учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2 миң даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана болжол менен бир айда 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим өндүрө алат. Мында иштегендердин 17си кытай мастерлери болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар.

Ишкана Нарын Эркин экономикалык аймагынын субьектиси болуп эсептелет. Кытай инвестору Тцаонун айтымында, ишкананы ачууга 2 миллион доллар түз инвестиция салынат. Ремонт жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган. Сырье Кытайдан алып келинип, Кыргызстанда тигилип, өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолот. Учурда 1 линия иштеп жатса, ушул жылдын аягына чейин 2-3-линиялар ишке кирип, жумуш орундарын 2-3 эсеге көбөйтүү планы бар.

Жумушчуларга күнүнө 1000 сомдон айлык маяна, мындан сырткары, тамак-аш берилет. Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук болүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгы түшөт. Ошондой эле социалдык фондго төлөмдөр төлөнөт.

whatsapp image 2023 08 01 at 09 10 20 Кочкор районунда бут кийим чыгаруучу ишкана ачылды
whatsapp image 2023 08 01 at 09 10 19 2 Кочкор районунда бут кийим чыгаруучу ишкана ачылды
whatsapp image 2023 08 01 at 09 10 18 1 Кочкор районунда бут кийим чыгаруучу ишкана ачылды