Кочкор районунда мигранттарды колдоо борбору ачылды

18-апрелде Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы №15 профессионалдык лицейде мигранттарды колдоо борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Мындай борборлор Каракол жана Ош шаарларында да ачылган. Максаты: актуалдуу көндүмдөргө үйрөтүү аркылуу мигранттардын квалификациясын жогорулатуу, эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуулугун арттыруу.

Бул демилгенин алкагында, окутуучу электрондук микрокурстарды түзүү боюнча методикалык рекомендациялар этап-этабы менен ишке ашып жатат.

Атайын электрондук окутуучу платформасында мигранттарга абдан керек болгон санарип, каржылык сабаттуулук жана башка эң керектүү көндүмдөрдү үйрөтүүчү 15 окутуучу модульдан турган материалдар жайгаштырылууда.

Ошондой эле, платформада ZOOM, iSpring сыяктуу санарип инструменттер, баалоочу материалдар, виртуалдык лабораториялар, видеоматериалдар, видеокурстар ж.б. болот.

Борборду ачуу аземинде «E-quality» долбоорунун КРдагы улуттук координатору Н.Суеркулова ишке ашып жаткан бул демилгенин максаты жана милдеттери, электрондук окутуучу платформасы тууралуу маалымат берди.