«Рахат лукум» кафеси убактылуу жабылды

«Рахат лукум» кафеси санитардык эреже бузууларга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кафе санитардык эреже бузуулар жоюлмайынча ачылбайт.

Кошумчалангандай, «Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу.

IMG 20230703 150852 143 «Рахат лукум» кафеси убактылуу жабылды
IMG 20230703 150851 706 «Рахат лукум» кафеси убактылуу жабылды