Конституциялык палата баланы эненин атына каттоо чечими боюнча үн катты

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы боюнча чечим чыгарды.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Конституциялык сот Үй-бүлө кодексинин (63-беренесинин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдик укуктук актыларын карады жана ал Конституцияга каршы келбейт деп тапты.

Тагыраагы, бала 18 жашка чыккандан кийин паспортко «атасынын аты» деген графага атасынын же эненин атын жазууну тандоого укуктуу болот. Кыргызстандын мыйзамдары улуттук каада-салттар боюнча да, советтик калыптанып калган система боюнча да өз атын, фамилиясын, атасынын атын коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыздын улуттук каада-салты боюнча ат коюунун тартиби («уулу, кызы, тегин» деген жазуу менен) өзгөрүүсүз калган. Ошол эле учурда баланы атанын же эненин атына каттоо маселеси — балага эң жакшы шарттарды түзүү менен байланыштуу. Баланын укуктары ата-эненин укуктарынан жогору жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.

Ал эми салттуу коомдо балага атасынын ордуна эненин атын берүү — ага карата ар кандай кодулоого жол ачышы мүмкүн болгондуктан, арыз канааттандыруусуз калтырылган.

«Бирок, бала бойго жеткенде (Жарандык кодекстин 56-беренесине ылайык он сегиз жаш), тигил же бул себептерден, анын ичинде турмуштук оор трагедиядан улам, атасынын атын же энесинин атын алууну тандоого укуктуу.

Демек, мыйзамдар жарандардын бул категориясына ушундай мүмкүнчүлүк берген жана теңдиктин принциптерин бузууга, жынысы боюнча басмырлоого тыюу салууга шарт түзбөгөн укуктук ченемдерди камтышы керек. Мындай чечим ат коюу менен байланышкан биздин коомдун салттуу жана тарыхый негиздерин бузбайт» , — деп айтылат маалыматта.

Алтын Капалова бул маселе боюнча Конституциялык сотко быйыл февралда кайрылган. Ага чейин балдарынын күбөлүгүндөгү «атасынын аты» деген графага өзүнүн атын жаздырган Капалованын иши Жогорку сотто каралып, документтерди жокко чыгаруу чечими күчүндө калтырылган.