Токионун борборундагы имараттардын биринде жарылуу болду

Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда япониялык NHK телеканалы билдирди.

Окуя Шимбаши вокзалына жакын Минато аймагында болгон.

Окуя болгон жерден тартылган кадрларга караганда, жарылуу болгон имаратта кафе-ресторандар бар. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. 

Куткаруучулар билдиргендей, жарылуунун кесепетинен төрт адам ооруканада жаткырылды. Алар есторандын эки кызматкери жана андан өтүп бара жаткан эки адам. Жергиликтүү тургундардан имаратка жакындабоого чакырышты.

Окуяны шаардык полиция иликтеп жатат.

Кошумчалай кетсек, жардыруу болгон аймакка жакын жерде газ жыттанып жатат, деп жазат Gazeta.Ru.