Жапаров Малайзиянын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Бүгүн, 3-июлда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын Тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөөгө чоң маани берерин белгилеп, Малайзия Кыргызстандын Түштүк-Чыгыш Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин эске алып, анын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

2 Жапаров Малайзиянын Тышкы иштер министрин кабыл алды