Кеңешбек Дүйшөбаев: Баарыбызды камакта калтырып жатат

Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы каралып жатат.

‌Сотко жеткирилген Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Абалым жакшы, рухубуз бийик. Сынган жокпуз, сынбайбыз. Баарыбызды камакта калтырып жатат. Муну менен бизди коркута алышпайт. Сүйлөшүү болгон жок», — деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган.