Азимбек Бекназаровго 12 кылмыш иши козголгон

Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду эки айга камакта калтырды. Мындай чечим бүгүн,15-февралда Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Соттун чечими менен ал 20-апрелге чейин камакта болот.

Бекназаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага карата 12 кылмыш иши козголгонун билдирди.