Ниязбеков Афганистандагы согуштун ардагерлерин куттуктады

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Афганистандагы согуштун ардагерлерин куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Афганистандагы согуштун ардагерлерине Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 34 жылдыгына карата куттуктоосун жолдоду.
“15-февраль күнү Мекенден сырткары согуш аракеттерине катышып, интернационалдык аскердик милдеттерин аткарышып, кайраттуулукту, эрктүүлүктү жана каармандыкты көрсөтүшкөн офицерлер жана жоокерлер үчүн өзгөчө күн болуп эсептелет”, – деди ал.
Дал ушул күнү, 1989-жылдын 15-февралында советтик аскерлердин акыркы колоннасы Афганистандан чыгып кеткен. Бул окуя дээрлик он жылга созулган Афганистан согушунун соңуна чыкты.
Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күн тарыхта эсте каларлык күн болуп калды жана биз бүгүн афган ардагерлерине таазим этебиз.
Бүгүн биз туруктуулуктун жана кайраттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, өз өмүрүн тобокелчиликке салып, аскердик милдетин татыктуу аткаргандардын бардыгына терең таазим этебиз.
«Тынчтык мезгилинде Афганистандагы согуштун ардагерлери өздөрүнүн наамын татыктуу алып жүрүшөт. Алар өздөрүнүн ак ниет эмгеги менен укук тартипти бекемдөө ишине алгылыктуу салымын кошуп жатышат. Ардагерлерди ушул унутулгус күн менен чын дилимден куттуктайм. Бардыгына чың ден-соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалайм», – деп баса белгиледи куттуктоо сөздүндө Улан Ниязбеков.

WhatsApp Image 2023 02 15 at 15.50.59 Ниязбеков Афганистандагы согуштун ардагерлерин куттуктады