Катуу жаандын кесепетинен Чаек айылында сел жүрдү

WhatsApp Image 2023 06 14 at 10.11.06 Катуу жаандын кесепетинен Чаек айылында сел жүрдү

Кечээ, 13-июнда Жумгал районунун Чаек айылында катуу жааган жандын кесепетинен сел жүрдү. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, сел суулары 38 кожолук короо сарайларын, бакчаларын, чарбалык курлуштарын аралап өткөн.

Селдин кесепетин тазалоо үчүн райондук ӨКБдин 23 куткаручуусу жана1 экскаватор, 2 трактор жөнөтүлдү. Мындан сырткары, аталган районго жол салып жаткан “Чайна Роуд“ компаниясынан 2 экскаватору тартылды. 

Буга чейин 12-июнда Баткендин Кадамжай районунун Орозбеков, Масалиев, Көтөрмө айыл аймагында жана Баткен районунун Суу-Башы, Кыштут айыл аймактарында сел жүргөн. Анын кесепетинен ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөр жабыркап, турак үйлөрдүн короолоруна сел кирип, эгин талааларын каптаган.

Автор: Жоробекова Шахра