Акыйкатчы балдарды тарбиялап жаткан аялдарга эмгек стажысын кошуп эсептөөнү сунуштады

Бишкек шаарында лидер аялдардын курултайында КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Кыргызстанда аялдардын укуктарын камсыздоо боюнча зарыл болгон чаралардын кабыл алынып жатканы жөнүндө билдирди.

Акыйкатчы аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктардын деңгээли жогору бойдон калып жатканын белгиледи. Аялдар менен балдарга карата стереотиптерди жоюу жана зомбулук менен күрөшүүгө көп күч жумшоо керек.
Акыйкатчы балдарды тарбиялоо менен алектенип жаткан аялдардын укуктарын камсыздаш үчүн КРнын эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейт.


“Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын кайра карап чыгып, үйдө отурууга жана балдарды тарбиялоо менен алектенүүгө аргасыз болгон аялдарга бул убакыт эмгек стажына эсептеле тургандай мүмкүнчүлүк берүү зарыл”,-деди Джаманбаева.
“Мамлекеттик кризистик борборлор жана аялдарга жана балдарга карата ар кандай түрдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтар жетишсиз.Укук коргоо органдары бардык жерде калкты, өзгөчө аялдарга мамлекеттик органдар тарабынан коргоонун ыкмалары жана түрлөрү жөнүндө маалыматты кеңири таратууга тийиш”,-деп эсептейт Акыйкатчы.
Джамиля Джаманбаева кыска мөөнөт аралыгында төмөндөгү иштерди алып баруу зарылчылыгы бар экенин белгиледи.
-Жумуштан кетүүгө аргасыз болгон же балдарды тарбиялоо менен алектенген аялдардын эмгек стажына кошуп эсептөө.
-Экономикалык иштин бардык түрлөрүнө аялдар менен эркектердин бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
-Чакан жана орто бизнесте аялдардын иш менен камсыз болушун илгерилетүү үчүн шарттарды түзүү.
-Чакан жана орто бизнести ачуу үчүн пайызсыз насыя берүү.
-Айыл жана шаар жерлеринде иштеген аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө стратегиясын иштеп чыгуу.

Акыйкатчы мындай чаралар аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюш үчүн зарыл деп кошумчалады.


“Статистика реалдуу кырдаалды чагылдырбайт, ар кандай себептерден улам эмгекти ишке орноштуруу органдарына кайрылбаган же жумуш издеп жүргөн аялдардын бөлүгү эсепке алынбайт, өлкөнүн экономикалык активдүү калкынын иштебеген бөлүгү, айрыкча аялдар арасында толук көлөмдө эсепке алынбайт. Эмгек менен камсыз болбогон, билим албаган аялдар экономикалык жактан көз каранды болуп калышат жана үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуу коркунучу жогору”,-деди Акыйкатчы.
Башкы укук коргоочу мамлекеттин аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча күч-аракеттерине карабастан, аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли жогору бойдон калып жатканын кошумчалады.
“Аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли жогору бойдон калууда. Ар кандай социалдык-экономикалык топтордогу, маданий, улутуна жана динине, билим деңгээлине карабастан аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болушат.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча зомбулук көрсөткөн адамдын туугандары тарабынан кысым көрсөтүлүп, жабырлануучу элдешүүгө барган учурлар көп болгон. Бул зомбулук жасаган адамдарды жоопко тартууга жана социалдык адилеттүүлүктүн орношуна жол бербейт.
Анткени жеке-коомдук айыптоонун кылмыштары жөнүндө иштер жабырлануучунун арызы боюнча гана козголот, аялдар укук коргоо органдарына кайрылуудан коркушат, анткени ишти логикалык аягына чейин жеткирүүдөн күмөн санашат, буга байланыштуу көптөгөн кылмыштар жазасыз калууда”,-деп баса белгиледи Джамиля Джаманбаева.

59d81d53 c904 42a9 b01a 964cab7ad22d Акыйкатчы балдарды тарбиялап жаткан аялдарга эмгек стажысын кошуп эсептөөнү сунуштады