Алыс каттаган унаалардын техникалык абалына, айдоочунун эс алуу убактыларына көңүл бурулууда

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында такси кызматын аркалаган жеңил унаа каражаттарынын айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.


“Өзгөчө Ош-Бишкек каттамында каттаган айдоочулар арасында унаалардын техникалык абалына, айдоочунун эс алуу убактыларына көңүл бурууга чакырышууда.


Жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертишти”, – деп айтылат маалыматта.

46f3dddf c601 4607 a5f1 0690c90f1d7e Алыс каттаган унаалардын техникалык абалына, айдоочунун эс алуу убактыларына көңүл бурулууда
62f8260c 75f2 4cbd 8d27 79b4b1b5686e Алыс каттаган унаалардын техникалык абалына, айдоочунун эс алуу убактыларына көңүл бурулууда
a7485484 ede3 4bd8 8c70 a945f9f17913 Алыс каттаган унаалардын техникалык абалына, айдоочунун эс алуу убактыларына көңүл бурулууда