Айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн көчмө коммиссиянын жыйыны болду

Бүгүн, 4-август күнү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жана Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында көчмө комиссиясынын жыйыны уюштурулду.

Бул туурасында милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымат берди.

4bc159ee bc44 4812 8c8a 339ebd67bda9 Айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн көчмө коммиссиянын жыйыны болду


Маалыматка караганда, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын батыш автобекетинде республиканын аймактарына каттаган жеңил унаалары жана коомдук транспорт каражаттарынын кирүүсүндө жана чыгуусунда жол кыймылын уюштуруп берүү, жол белгилерин орнотуу жана унаалардын жүрүү бөлүгүндө жолдордун салынышы, жол чырактарынын кошумча орнотулушу, жол алдынан өтүүчү жөө адамдардын жолдорун оңдоп-түзөө иштери каралып, тийиштүү кызматтарга тапшырмалар коюлду.

a126312c fcc7 4922 8153 4af0d83104ad Айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн көчмө коммиссиянын жыйыны болду
94d782f3 1909 4744 92ae 6929a1ebb3be 2 Айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн көчмө коммиссиянын жыйыны болду
2502faf1 fe87 4c6a 85ba 9244502a4146 1 Айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн көчмө коммиссиянын жыйыны болду