Батыш автобекетинде жеңил унааларга шарттарды түзүү боюнча жыйын болду

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-август күнү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Жол көзөмөлдөө жана Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен Бишкекасфальтсервис муниципалдык ишканасынын, Бишкек башкы курулуш архитектурасынын, Бишкек мэриясынын Биринчи май акимиатынын, Бишкек жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жана Батыш автобекетинин кызматкерлеринин катышуусунда көчмө коммиссиясынын жыйыны уюштурулду.


“Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын батыш автобекетинде жеңил унаалардын, коомдук транспорттун жана чыгуусунда айдоочуларга жол кыймылын ыңгайлуу шартта уюштуруп берүү, жол белгилерин орнотуу жана унаалардын жүрүү бөлүгүндө жолдордун салынышы, жол чырактарынын кошумча орнотулушу, жол алдынан өтүүчү жөө адамдардын жолдорун оңдоп түзөө иштери каралып, тийиштүү муниципалдык кызматтарга тапшырмалар коюлду”, – деп айтылат маалыматта.

f4bfc266 8d22 46c5 a428 5f80c3a1b8be Батыш автобекетинде жеңил унааларга шарттарды түзүү боюнча жыйын болду
86d42e7b f68b 4e98 9bf7 15649785531d Батыш автобекетинде жеңил унааларга шарттарды түзүү боюнча жыйын болду