Кара-Суу районунда тоноочулар кармалды

Бул туурасында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.


Маалыматка караганда, 2023-жылдын 23-июль күнү Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну М.Б Кара-Суу РИИБге арыз менен кайрылган. Анда да ушул жылдын 21-июлунан 22-июлуна караган түнү Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы талаада белгисиз жарандар аны коркутуп, “Айфон” 12 про телефонун, эл аралык паспортун, 2 000 сом акчасын жана башка документтерин коркутуп, уруп, алып коюшкандыгын билдирген. Жабырлануучу М.Б га жалпысынан 80 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

“Аталган факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КРнын КЖКнын 206-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну Б.Т жана 20 жаштагы тургуну М.Д кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.


Учурда тергөө амалдары уланууда.

ab9e1e87 2cf8 4dc5 8051 39297264499d Кара-Суу районунда тоноочулар кармалды