ВИДЕО: Кайгуул милициянын кызматкерлери сууда агып бараткан баланы сактап калышты

Бул туурасында Милиция кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 4-августта болгон. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Кара-Дарыя көчөсүнүн боюнда орун алган Аламүдүн каналында сууга агып келе жаткан өспүрүм баланы сактап калышкан. Ал таштарга жана жыгачтарга урунуп сууга агып бараткан.


“Урматтуу ата-энелер, кичине балдардын коопсуздугу өтө маанилүү, бардарга көңүл буруңуздар”, – деп айтылат маалыматта.