Көлдүн терең жерине кетип калышкан өспүрүм балдар куткарылды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери көлдүн терең жерине кетип калышкан өспүрүм балдарды куткарып калышты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

kol ch Көлдүн терең жерине кетип калышкан өспүрүм балдар куткарылды

Маалыматка ылайык, 27-июль күнү үч өспүрүм көлдө үйлөнмө матрацтары менен сүзүп жүрүшкөн.

“Бул учурда алардын ата-энелери жээкте эс алып жатышкан. Капысынан көтөрүлгөн катуу шамал жана бийик толкундар, балдарды тез арада жээктен бир чакырым алыс алып кеткен. Алар, көлдүн бул аймагында көп кездешкен суу агымына кабылган.

Бактыга жараша, өспүрүмдөр көлдүн толкунунун күчүн толук биле электе, аларга тартип сакчылары жергиликтүү тургундун кайыгы менен жетип, жилеттерди балдарга кийгизишип, аларды көлдүн жээгине чыгарышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык маекти өткөрүштү.

ce3afd5d 802f 4c9b 8e5e 8c09470f394d Көлдүн терең жерине кетип калышкан өспүрүм балдар куткарылды
dd0eaac7 4090 4bb6 84c5 837a3c584ad7 Көлдүн терең жерине кетип калышкан өспүрүм балдар куткарылды