Жапаров «Төлөйкөн» ат майданынын оңдоо иштери менен таанышты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 30-июлда жумушчу сапарынын алкагында Ош облустук «Төлөйкөн» ат майданын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, быйыл ат майданды капиталдык оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 45 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө иштердин негизги бөлүгү аяктады. Реконструкциялоо долбоорунда төмөнкүлөр каралган:

—  жаңы конференц-зал куруу;

— ат чабыш жолуна жана көк-бөрү оюн талаасына кум төгүү;

— негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;

— сырткы жарыктандырууну орнотуу;

— жаңы тосмолорду орнотуу.

Садыр Жапаров ат майдандын оңдоп-түзөө иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды. 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

b0bf9816 83eb 4e7f 84bd 9738c8a98ed1 Жапаров «Төлөйкөн» ат майданынын оңдоо иштери менен таанышты
94a578e6 46cd 4f30 92a5 168d7c570ca9 Жапаров «Төлөйкөн» ат майданынын оңдоо иштери менен таанышты
3302b625 b7d1 4c50 8881 37cbb304db0e Жапаров «Төлөйкөн» ат майданынын оңдоо иштери менен таанышты