Каналга чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Аламүдүн районунун Октябрь айылында Ат-Башы каналына 3 күн мурда чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

9-июль күнү 40 жаштагы жаран сууга түшүп кеткендиги тууралуу мааалымат түшүп, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жаткан.

Кечээ саат 11:57де чөккөн жеринен суу агымы менен бир чакырым жерден куткаруучулар сөөктү табышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.