Токмокто каналга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-май күнү Токмок шаардык ӨКБга милиция кызматкерлери Дача-1 айылындагы 7 жашар бала 12-май күнү саат 18:00 чамасында көчөдө ойноп жүргөн жеринен дайынсыз болгондуктан, Токмок шаардык ӨКБга издеп-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн милиция кызматкерлери кайрылган.

Каналга түшүп кетиши мүмкүн деген божомол менен издөө иштерине Токмок шаардык ӨКБдан 4 кызматкер, ИИМден 16 кызматкер, жергиликтуу тургундардан 30 адам тартылган.

Ал күнү издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.

Эртеси, 14-май күнү издөө иштерин уулантууга Токмок шаардык жана Чүй районунан 15 куткаруучу, 47 милиция кызматкери жана 50 жаран, атайы шаймандар жана 2 дрон менен чыгышкан.

Изделип жаткан баланын сөөгү саат 8:30дар чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт автоунаасынын 55-чакырымында Чу суусунда Дунларов көпүрөсүнө жакын аймактан куткаруучулар тарабынан табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.