1 жаштагы баланын өлүмүн атайын комиссия иликтейт

Ат-Башыда эмдөөдөн кийин чарчап калган 1 жаштагы баланын өлүмү боюнча комиссия түзүлүп, окуя териштирилип жатат. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гүлнара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, окуя министрдин жеке көзөмөлүндө.

«Баланын кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин каза болгону тууралуу комиссиянын корутундусу жок, экпертизалар дайындалды. Балага башка диагноз коюлган. Жалпак тил менен айтканда мээге суук тийген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат»,-деди Ишенапысова.

Буга чейин Ат-Башынын Кара-Суу айылында бир жашар бала кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин чарчап калганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланган.