Бишкекте 4 жылдан бери дайынсыз болгон Дмитрий Зиниев изделүүдө

Бишкекте 4 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Дмитрий Зиниев изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылы 22-январда милицияга Ш.З. аттуу жаран кайрылып, 1974-жылы туулган уулу Дмитрий Зиниев 2019-жылы март айында Аламедин-1 кичирайонундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Белгилери: бою 185 см, арык чырай, чачы кыска, кара, көздөрү көк.

Милиция Дмитрий Зиниев табылбай жатканына байланыштуу аны көргөн-билгендер болсо, 0 (702) 49-88-88, 0 (704) 103-102, 0 (701) 28-28-19, 0 (557) 11-94-10  же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.