Түркияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

Түркияда 14-майда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер добуштардын 50 пайызын ала албагандыктан саясий өнөктүктүн экинчи туру 28-майда өтөт. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

TRT телеканалы бюллетендердин 98,61%ы саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыктарга таянып, азыркы мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган шайлоочулардын 49,34%ынын, анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 45%ынын добушун алганын кабарлады.

Ошол эле маалда Кылычдароглу жыйынтыктар менен макул эмес.

14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өттү. Шайлоочулардын жалпы саны 64,1 миллионду түзөт. Алардын ичинен 3,4 млн адам чет өлкөдө жүрөт. Чет өлкөдөгү шайлоочулар үчүн добуш берүү мөөнөтү 9-майда аяктаган.

Президенттик шайлоодо үч талапкер ат салышкан. Алардын катарында азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган, оппозициялык Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу жана АТА альянсынан Синан Оган.