Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 25ке жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, БШКга дагы төрт жарандан Нургүл Аднаева, Руслан Ажыбеков, Жээнбек Искендеров, Карачач Исмаиловадан арыз түшкөн. Аднаева Эл аралык медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, Исмаилова Р. Мамыралиев атындагы мектептин мугалими болуп иштейт. Ажыбеков менен Искендеров убактылуу иштешпейт.
![azhybekov Шайлоого ат салыша тургандардын саны көбөйдү](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/azhybekov-1200x800.jpg)
![iskenderov Шайлоого ат салыша тургандардын саны көбөйдү](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/iskenderov-1200x800.jpg)
![adnaeva Шайлоого ат салыша тургандардын саны көбөйдү](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/adnaeva-1200x800.jpg)
![img 0015 Шайлоого ат салыша тургандардын саны көбөйдү](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/img_0015-1200x800.jpg)