«Шоро» компаниясынын айдоочусу айыпка жыгылды

Бишкекте жөө адамдар өтө турган жерге унаасын токтотуп койгон «Шоро» компаниясынын айдоочусу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкектин кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол эрежесин бузган айдоочуга 1 миң сом айып салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.