“Хизб ут-Тахрир-аль-ислами” экстремисттик уюмдун китептерин сактаган адам кармалды

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин ЭММКАКнын ыйгарым укуктуу опер кызматкерлери тарабынан ыкчам иш алып баруунун негизинде, “Талас Арашан Гиссар койлору” аттуу “Ватсап” тайпасында уюлдук телефон аркылуу PDF форматта 3 барактан турган арабча жазылган жана “Камсыздандыруу-капитализм чириндилеринен”- деген сөздөр менен аталган тайпага чыгарган баракчасы аныкталып, диний экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө таандык материалдар мамлекеттик, улуттук, рассалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу, экстремисттик жана террористтик маалыматтарды камтыгандыгын аныктоо максатында дин таануу экспертиза дайындалып, ал тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир-аль-ислами” уюмуна шилтеме берилип, экстремисттик уюм деп көрсөткөн.


Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголгон.


“Кылмышка шектүү катары 1966-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун К.М аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир-аль-ислами” экстремисттик уюмунун чакырыктарына окшогон материалдар жана уюлдук телефондор табылган. Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

4d0bd459 8125 4e54 a68b 706330039708 "Хизб ут-Тахрир-аль-ислами" экстремисттик уюмдун китептерин сактаган адам кармалды