Чүйдө жол тоскон жаран ур-тепкиге алынып, жаагы сынган

Чүйдө жаранды сабап, карактап кеткен эки шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 25-июлда болгон. Бир жаран Ивановка айылына жетүү үчүн жолдон унаа тосуп кеткен. Дмитриевка айылына жеткенде, айдоочу унааны талаа жакка айдаган. Талаадан унаадагы адамдар аталган жаранды сыртка алып чыгып, коркутуп, ур-тепкиге алып, акчасын жана телефонун тартып алышкан. Сабалган жарандын жаагы сынып, ооруканага түшкөн.

Аталган факт Ысык-Ата райондук милициясында каттоого алынып, «Кылмыш-жаза» кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары эки жаранды кармады. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.