БШК: Жаныбек Абировдун ордуна депутат шайлоо үчүн бюджеттен 18,5 млн сом жумшалат

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом жумшалат. Чыгымдардын сметасын Борбордук шайлоо комиссиясы бекитти.

Эске салсак, добуш берүү 28-майга белгиленген.

Шайлоо аталган округдан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленди.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ур тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Бул окуядан кийин Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген. 

15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын комиссия түзүлгөн.