УКМКнын жалган кызматкери кармалды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик чек араны кесип өтүү учурунда 1985-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Д.М. (башка толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) кармалды, – деп билдиришти УКМКдан.

Маалыматта, ал өзүн КР УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алганы айтылат.
Тергөөнүн жүрүшүндө, М.Д.М. КР жарандык бир нече паспорту бар экени жана өзүн КР УКМКнын түштүк аймагы боюнча координатору болом деп тааныштырып, жеке ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 466 миң сом акча каражатын жана Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган.
Алынган далилдердин негизинде, М.Д.М. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда М.Д.М. (Турсунбаева Д.М.) тарабынан КР УКМКга тиешеси бар делген шылтоо менен жасалышы мүмкүн болгон кылмыштардын башка фактылары текшерилүүдө”
, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
КР УКМК жарандарга эгерде аталган М.Д.М.нын аракетинен жапа чеккендер болсо кайрылууларын суранат.