Шайлоого катышууну каалагандардын саны 30га жетти

 Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 30га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз калтыргандардын катарына Абдивали Балтабаев, Лейла Саралаева жана Токтокүчүк Мамытов (Токон Мамытов) кошулду. Балтабаев убактылуу иштебейт, мурда Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы болгон. Лейла Саралаева — «Жаңы жүздөр»  гезитинин башкы редактору. Ал эми Мамытов Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы болуп иштейт. Ал мурда депутат, вице-премьер-министр, акыйкатчы, «Кыргызалтындын» башчысы жана башка кызматтарды ээлеген.

img 0022 w5yruqn Шайлоого катышууну каалагандардын саны 30га жетти
img 0022 dh4zusg Шайлоого катышууну каалагандардын саны 30га жетти
img 0022 cbkga4u Шайлоого катышууну каалагандардын саны 30га жетти

Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:

  1. Эртай Искаков
  2. Аскар Алмаз уулу
  3. Эркин Бөлөкбаев
  4. Роман Ремнев
  5. Турсунбай Бакир уулу
  6. Куттубек Асылбеков
  7. Назарбек Нышанов
  8. Сулайман Мамаев
  9. Токтогул Какчекеев
  10. Жаныбек Абиров
  11. Русланбек Тагаев
  12. Бакыт Шаршембиев
  13. Нургүл Сооронбаева
  14. Мурат Эсенаманов
  15. Ыргал Кадыралиева
  16. Ханзада Осмоналиева
  17. Жамалбек Ырсалиев
  18. Илимбек Аттокур уулу
  19. Таалайбек Кермалиев
  20. Кубанычбек Самаков
  21. Чыңгыз Капаров
  22. Нургүл Аднаева
  23. Руслан Ажыбеков
  24. Жээнбек Искендеров
  25. Карачач Исмаилова
  26. Бактыбек Рысалиев
  27. Нурсултан Абдуллаев
  28. Абдивали Балтабаев
  29. Лейла Саралаева
  30. Токтокүчүк Мамытов