Кайра шайлоого катышууга аттангандардын саны бешке жетти

Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен беш талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, учурда 5 адамидан талапкер болуу ниетин билдирген арыздар келип түшкөн.

  • Активист Эртай Искаков;
  • Коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
  • Коомдук ишмер Ремнёв Роман Павлович;
  • «Партия Зеленых Кыргызстана» СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
  • Коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай.

БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.