Кадамжайда суудан бир жашар кыздын сөөгү табылды

Кадамжайда сууга түшүп кеткен бир жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 9-август күнү Кадамжай районунун Полот-Хан айыл өкмөтүнүн Абсамат айылында А.Масалиев атындагы орто мептептин жанындагы сайдагы сууга 2022-жылы туулган Б.Я. аттуу кичинекей кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүүгө №76 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4, ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 4, жалпы 8 куткаруучу тартылды.

Куткаруучулар тарабынан наристенин сөөгү табылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилди.