Билим берүү министрлигине кирген уурулар кармалды

Бишкекте министрликтердин биринин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракеттенген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-августка караган түнү министрликтердин биринде кезметте турган милиционер Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө телефон чалып, имараттын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөнүн билдирген.

Маалымат түшөрү менен аталган мекемеге кармоо тобу жөнөтүлгөн.

Маалым болгондой, күзөт кызматкерлери шектүүлөрдү «Мерседес-Бенц» унаасы менен кетип бара жаткан жеринен токтотушкан. Унаанын жүк салган бөлүгүнөн министрликтен уурдалган чоюн батареялар табылган. Шектүү катары 50 жаштагы Р.Г., 32 жаштагы А.А., 33 жаштагы Т.В. жана 51 жаштагы Ш.М. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Билим берүү министрлигине кирген уурулар кармалды
Билим берүү министрлигине кирген уурулар кармалды
deb5f383 e887 411c bbf2 a4fe4f947097 Билим берүү министрлигине кирген уурулар кармалды
b547f21f c18a 468d 812c 72e790d90076 Билим берүү министрлигине кирген уурулар кармалды
4389a9b1 e9fd 4fe5 8d50 41bc162cae12 Билим берүү министрлигине кирген уурулар кармалды