Унааны онлайн режимде кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 1-сентябрына чейин унааны онлайн режимде кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. Аталган долбоорду Ички иштер министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ишке ашырышууда.

ИИМден билдиришкендей, долбоор ийгиликтүү ишке ашса, анда ал ишин андан ары уланта берет. Автотранспорт каражатын онлайн кайра каттоо жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн ээсине берилген айыптар, туумдар, салыктар боюнча карызы жок учурларда жеткиликтүү болот.

«Онлайн кайра каттоо үчүн автотранспорттун ээси автотранспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүп, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек, ал эми унааны кароодон өткөндүгү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул мөөнөттүн ичинде менчик ээси Кыргызстандын банктары жана «Түндүк» мамлекеттик порталы тарабынан иштелип чыккан тиешелүү тиркемелер боюнча электрондук цифралык кол тамга аркылуу онлайн түрдө кайра каттата алат», — деп айтылат маалыматта.

Никеде алынган транспорт каражатын кайра каттоодо жана нике тууралуу маалыматтар болгондо, жубайы дагы кайра каттоого макулдук берүү үчүн онлайн идентификациядан өтүшү керек.

Ошондой эле учурда ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен каржы мекемелери менен бирге алдыңкы эшиктердин каптал терезелерин караңгылатууга уруксат кагаздарына насыя берүү боюнча маселелер каралып жаткандыгын жана автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат кагазын онлайн режиминде алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул бардык кызыктар жарандарга «Унаа» ММ бөлүмүнө барбастан эле уруксат кагаздарын сатып алууга мүмкүндүк берет.