7 айда Өзбекстан Кыргызстанга 765 жүк ташуучу унаа экспорттогон

Быйыл 7 айда Өзбекстан Кыргызстанга 765 жүк ташуучу унаа экспорттогон. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 7 айда Өзбекстан чет мамлекеттерге 11,6 млн долларга 1 миң 69 жүк ташуучу унаа саткан. Алардын көбүн Кыргызстан сатып алган.

Өзбекстан жүк ташуучу унаа эң көп экспорттогон өлкөлөр:

— Кыргызстан – 765 унаа

— Казакстан – 256 унаа

— Азербайжан – 32 унаа

— Тажикстан – 11 унаа