Ташиев Кара-Мык чек ара заставасына барды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  2-сентябрда Чоң-Алай районундагы жумушчу сапарынын алкагында, аймактагы Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара заставасына барды.

Ал чек ара заставасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, чек арачылардын күжүрмөн даярдыгы жана материалдык-теникалык базасынын абалын көрүп чыкты. Аскер кызматкерлери менен жакындан баарлашып, учурдагы шарттар тууралуу толук маалымат алып, чек арачылардын суроо-талаптарын угуп, жеринен ыкчам чечимдерди кабыл алды. Жергиликтүү жетекчилерге тийиштүү тапшырмаларды берип, заставанын чек арачылары үчүн тез арада жаңы турак-жайларды курууну баштоону жана техникалык каражаттарды толугу менен жаңылоону милдеттендирди.

Өлкө жетекчилиги тарабынан чек ара кызматына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да чек арачылар өз милдеттерин так аткарышы үчүн зарыл болгон заманбап шарттарды түзүү иши кызуу улантылаарын белгиледи.