Блогер Михаил Тимочко кыргызстандык үй-бүлөгө жарым миллион рублга унаа белек кылды

Белгилүү орусиялык блогер Михаил Тимочко кыргызстандык үй-бүлөгө жарым миллион рублга унаа белек кылды. 14-августта блогер өзүнүн сюжеттерине “Мени менен эмне кааласаң, ошону кыл” деген баттлга катышканын жарыялаган.

“Акыркы тапшырма таптакыр ойго келгис болду. Себеби анда кокусунан өтүп бара жаткан адамга машина берүү керек. Мен өмүрүмдө мындай кылган эмесмин. Кечээ мен бул автоунааны 550 миң рублга сатып алгам, бүгүн көчөдө туш келген адамга берем”, – деген блогер Instagram баракчасында.

Анан Михаил машинанын терезесинен баласын коляскага салып, сейилдеп бара жаткан жубайларды көрүп, унааны дал ушул адамдарга бериш керек деп ойлогон. 

Михаил жубайлардан “Силерге унаа керек эмес беле? Тамашасыз эле” деп кайрылган. 

Аял таңданып: “Эмнеге берип жатасыз? Чын элеби?” деп жооп берген. Аялдын айтымында, ал баласы менен үйдө отурат, ал эми жолдошу курулушта иштейт. 

Андан соң, жубайларга автоунаанын ачкычын жана документин тапшырышкан. 

Кийинчерээк күтүүсүздөн унаалуу болгондор кыргызстандык жубайлар экени белгилүү болгон. Айдана Бекмамбетова Инстаграм баракчасына “Керек учурда керектүү жерде болгонубуз үчүн Аллах Таалага шүгүрлөр” деп билдирүү калтырган.

Белгилей кетсек, Михаил Тимочко – белгилүү маркетолог жана блогер. Дизайн курстарынын автору, өзүнүн музыкалык альбомун чыгарган. Блогердин Instagram баракчасында 570 миң жазылуучусу бар.

<video controls src="<blockquote class="instagram-media" data-instgrm-captioned data-instgrm-permalink="https://www.instagram.com/reel/Cv76DNONiEh/?utm_source=ig_embed&utm_campaign=loading" data-instgrm-version="14" style=" background:#FFF; border:0; border-radius:3px; box-shadow:0 0 1px 0 rgba(0,0,0,0.5),0 1px 10px 0 rgba(0,0,0,0.15); margin: 1px; max-width:540px; min-width:326px; padding:0; width:99.375%; width:-webkit-calc(100% – 2px); width:calc(100% – 2px);"><div style="padding:16px;"> <a href="//www.instagram.com/reel/Cv76DNONiEh/?utm_source=ig_embed&utm_campaign=loading"" style=""" padding:0 target=""_blank">" display: flex-direction: align-items: border-radius: flex-grow: height: margin-right: width: justify-content: background-color: margin-bottom: margin:0 auto width=""50px"" height=""50px"" viewBox=""0" version=""1.1"" xmlns="//www.w3.org/2000/svg"" xmlns:xlink=""https://www.w3.org/1999/xlink"><g" stroke=""none"" stroke-width=""1"" fill=""none"" fill-rule=""evenodd">