ИИМ: Сузак районунун тургунунун үйүндө 2 килограммга жакын баңгизат алынды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы ыкчам маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-июль күнү Жалал-Абад областынын Сузак районунун аймагында “А” аттуу жаран бангизатын ири өлчөмдө сатып жана таратып жүргөндүгү тууралу маалымат алынган.
Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-бер. 1-бөл., көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “А” аттуу жарандын өздөгү аныкталып, ал Сузак районунун Сузак айылынын тургуну 1997-жылы туулган Х.Т.А. экендиги аныкталган.


Кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын жана Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 11-август күнү Сузак районунун Сузак айылынын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда үйүнүн короосундагы сарайдын ичинде каптарга салынган банкалардын арасынан 2 даана скочт менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар салмагы болжол менен 2 килограммга жакын баңгизаты табылып алынган.


Алынган заттарды так аныктоо максатында атайын соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Ал эми, кармалган шектүү Х.Т.А. Сузак РИИБдин Убактылуу кармоо жайына киргизилген.

815acdd0 7c32 4686 a4ac ce6a294fffaf ИИМ: Сузак районунун тургунунун үйүндө 2 килограммга жакын баңгизат алынды
2a3e5be8 8bdd 405e a9a7 24a231c67b90 ИИМ: Сузак районунун тургунунун үйүндө 2 килограммга жакын баңгизат алынды