Бүгүн, 15-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
![64db3990b3562 Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди](https://nazarnews.org/media/ck_posts_files/2023/08/15/64db3990b3562.jpeg)
![64db398fdc1aa Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/64db398fdc1aa-1200x799.jpeg)
Маалым болгондой, Өзбекстандын премьер-министрин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келди.
![64db399314c75 1 Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/64db399314c75-1-1200x799.jpeg)