Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов Бишкекке келди

Бишкекке Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

«Манас» Эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Абдулла Арипов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Евразиялык экономикалык биримдикке байкоочу мамлекеттин делегация башчысы катары келди.

6392df1d93196 Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов Бишкекке келди
6392df20d25a6 Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов Бишкекке келди