Төрөбаев: “Популист” деп айткан адамдар өздөрү эч нерсе жасай албайт

Кабинет министри Акылбек Жапаровдун ѳндүрүш тармагын тейлеген орун басары Бакыт Тѳрѳбаев «Спутник» маалымат булагына берген маегинде “популист” деп айткан адамдар өздөрү эч нерсе жасай албай, ушул сөздү айтып жатышканын белгилеп маек берди. 

Ал бул жагдайга Кытай-Кыргызстан-Ѳзбекстан темир жолун куруу долбоорун популисттик кадам катары сыпаттагандарга жооп катары билдирди. 

Бул тууралуу ал ѳз сѳзүндѳ: “Популисттик деп айткан адамдар өздөрү эч нерсе жасай албай ушул сөздү айтып жатышат. Башка жактан инвестиция тартуу үчүн мамлекет демилге көтөрүп, өз күчүбүздү дагы көрсөтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндөгү биздин эң негизги максатыбыз – өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган темир жолду куруп бүтүрүү. Эгерде ушул жолду байланыштырсак, Ѳзбекстандан кѳз карандысыз ѳзүбүздүн жол болот”, – деп айтты.