“Этика, билим жана тарбия, тартип мага эмес, сизге керек”: Улукбек Карыбек уулу Эдил Байсаловго жооп берди

30-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов блогер Улукбек Карыбек уулунун ишмердүүлүгүн сынга алган. 

Айтымында, акыркы учурда арзан популярдуулукту издегендер көбөйдү. Андыктан өкмөт сөзсүз түрдө мындай чектен чыккан көрүнүштөргө чара көрөрүн билдирген. 

Ал эми бүгүн, блогер Улукбек Карыбек уулу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун сынына жооп кайтарды. 

“Этика, тарбия жана билимдүүлүк жөнүндө жакшы айтыпсыз. Бала бакчага барган Бишкек билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын катышуусундагы видеоматериалдарды, сиздердин эсиңиздерге салып, коомчулуктун талкуусуна чыгаргандан кийинки жагдайды өз көзүңүздөр менен көрдүңүздөр.

Коомчулук акыбалга баасын берген соң, этика, билим жана тарбия, тартип мага жеке тарапка эмей эле, сиздерге, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге керек болуп калды көрүнөт.

Үчүнчүдөн, сиз ээлеп отурган кызматка, сиздин компетенттүүлүгүңүз жетишсиз окшойт деген ой жаралып калды. Анткени мен эмес, тескерисинче сиз маалыматты бурмалап жалган маалымат таркатып, элди адаштырып, сиз көзөмөл кылган өкмөттүн социалдык тармактагы ишмердигиңиздердин жетишсиздигин актоо, социалдык мекемелердеги терс көрүнүштөрдү жабуу максатында, коомду манипуляция кылуу аракет жасап жаткандыгыңызды мен далил менен белгилеп коюуну туура көрдүм”, – деп жазды Улукбек Карыбек уулу.