Милянфанда жер маселелери боюнча коррупциялык схемалар аныкталды

Чүйдүн Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагында жер маселелери боюнча коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы Ысык-Ата районунун Милянфан айыл аймагынын кызмат адамдары тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жана үчүнчү жактарга сатуу максатында аффилиацияланган жакка 1 га жер тилкесине жеке менчик укугу боюнча күбөлүк берүү фактыларын аныктады.

Топтолгон материалдар Ысык-Ата районунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Жыйынтыгында Милянфан айыл аймагынын жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Ю.Я. жана башка кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“Кызматтык жасалмачылык”), 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.