ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды

КР УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндөгү козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы А.Л.О. тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды жана продукцияларды ташып келүү үчүн санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманын иши аныкталып бөгөт коюлгандыгын УКМКдан билдиришти.

WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.10 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды


Маалыматка караганда, А.Л.О. аттуу аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында зарыл жол-жоболорду сактабастан жана тиешелүү экспертизаларды жүргүзбөстөн кыска мөөнөттө бажы брокерлерине санитардык-эпидемиологиялык корутундуларды берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөндүгү аныкталды.


Маалымдама: санитардык-эпидемиологиялык корутунду-бул колдонуудагы санитардык ченемдерге ылайык продукциянын коопсуздугун тастыктаган эксперттик баалоо жүргүзүлгөн, тиешелүү товарларды ташып келүүгө жана сатууга уруксат берген документ.
Мындан тышкары, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, сертификацияланууга тийиш болгон жүздөгөн ар кандай товарларга жана продукцияларга корутунду берүү үчүн пара алган ондогон фактылар катталды.
Ошондой эле, аталган Департаменттин жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан санитардык-эпидемиологиялык экспертиза бөлүмүнүн жана анын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө начар экенин, А.Л.О. иш жүзүндө жумуш ордуна жумасына бир жолу чогултулган акча каражатынан өз үлүшүн алып кетүү үчүн гана келип турганын белгилей кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызмат адамдары жана жетекчилиги тарабынан жасалган мындай аракеттер өлкөнүн калкынын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирип, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун бузат.
Бул кылмыш иши боюнча Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалып Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.
Азыркы учура коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды, анын ичинде КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.05 1 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.04 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.06 1 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.09 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.07 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.12 1 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.08 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.06 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.05 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.11 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.10 1 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.11 1 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды
WhatsApp Image 2023 04 17 at 12.49.12 ВИДЕО: Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза департаментинин 4 кызматкери кармалды