Айдоочулардын эсине! Төө-Ашуу ашуусундагы тыгын толук жоюла элек

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеринде жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатышат.

«Тынымсыз жааган кар жана бороондон улам азыркы учурда убактылуу тыгындар пайда болууда. Көпчүлүк унаалар жайкы дөңгөлөктөрүн тагышкан, ошондуктан аларга ашууга чыгуу кыйын болууда. Каттам ачык, унаалар аз-аздан өткөрүлүп жатат. Тыгын толук жоюла элек», деп айтылат маалыматта.

Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.