Салык кызматынын 10 инспектору коррупция иши боюнча кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупция иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, салык кызматкерлери жеке кызыкчылыгын көздөп, ишкерлик менен алектенген адамдар менен жең ичинен сүйлөшүп алып, салыктын суммасын атайылап азайткан. Мындан улам мамлекетке 100 млн сомдон ашык салык түшпөй калган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, Салык кызматынын 10 инспектору камакка алынган.  Алар сот тарабынан камакка алынган.

«Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө«, — деп айтылат маалыматта.