ВИДЕО: Жети-Өгүздө санитардык эрежени сактабаган мал союучу цех аныкталды

Жети-Өгүз районунда санитардык эрежени сактабаган мал союучу цех аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан рейддин жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында мал союучу цех иштеп жаткандыгы аныкталган.

Кароо жүргүзүүдө мал союучу цехте көптөгөн критерийлер боюнча элементардык ветеринардык-санитардык талаптар сакталбагандыгы байкалган. Айрым жаныбарлардын калдыктары жана каны жерге төгүлгөн, дезинфекциялык тосмо жана кык чогултуучу жайлар жок болуп чыкты.

Аталган факт Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталды. Чогултулган материалдар тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди. Текшерүү иштери уланууда.

YouTube video