Рита Карасартованын соту жылдырылды

Укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын кароо эртең, 18-апрелге калды.Бул тууралуу Карасартова өзү журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Соттук процесстин жылышына жактоочунун ооруп калганы себеп болгон.

«Соттун баардык чечимине даярмын. Тергөө деле жүргөн жок»,-деди ал.

Буга чейин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаевдин, активист Чыңгыз Капаровдун, активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгышкан.