Базар-Коргондун акими кызматтан кетти

Базар-Коргон районунун акими кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Сатыбалдиев Жанысак Манасбекович ээлеген кызматынан бошотулду.